АТ-БАШЫ АЙЫЛЫНДА СПОРТТУК АЯНТЧАЛАРЫ АЧЫЛДЫ: КЕЛЕЧЕК МУУНГА ЖАНЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

2025-жылдын 6-сентябрында Дордой ассоциациясынын демилгеси менен Ат-Башы айылында кичи футбол, баскетбол жана волейбол аянтчаларынын ачылышы болуп өттү. Бул спорттук объектилердин курулушу айыл жаштарынын ден соолугуна жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында ишке ашырылды.

Ачылыш аземге Ат-Башы районунун акими Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович катышып, куттуктоо сөзүн айтып, куруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди. Аким өз сөзүндө: Бул аянтчалар биздин жаштарга спорт менен алектенүүгө, ден соолукту чыңдоого жана командалык рухту өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Биз Дордой ассоциациясына мындай маанилүү демилгени колдоп, айылга салым кошкону үчүн ыраазычылык билдиребиз. Келечек муунга ийгилик, ден соолук жана спорттук жетишкендиктерди каалады.

Жаңы ачылган спорттук аянтчалар жаштарды күнүмдүк турмушка активдүү катышууга, достук жана биримдикти бекемдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле, бул долбоор айылдын социалдык инфраструктурасын жакшыртып, келечекте спорттун өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Ат-Башы айылында ачылган кичи футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары- бул жаштардын ден соолугуна жана келечегине салым кошкон маанилүү кадам. Спорт аркылуу алар биримдикти, жоопкерчиликти жана жеңишке умтулууну үйрөнүшөт.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.

Жооп калтыруу