АТ-БАШЫ: АР БИР ТӨРӨЛГӨН НАРИСТЕ-ӨЛКӨБҮЗДҮН КЕЛЕЧЕГИ ЖАҢЫ ЖЫЛ АЛДЫНДА ЖАРЫК КӨРГӨН НАРИСТЕ

  2025-жылдын 31-декабрь майрам күнү Ат-Башы райондук төрөт бөлүмүндө жаңы жыл алдында көз жарган эне менен наристенин ден-соолугунан кабар алганы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Э.Абдыкадыров төрөт бөлүмүнө барды. Эне менен ымыркайга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жаркын келечек каалап гүл жана ымыркайга арнап белек тапшырды. 

  Терек-Суу айылынын тургуну 36 жаштагы Жунусова Гүлнара 31-декабрь күнү  Ат-Башы райондук төрөт бөлүмүндө 4-перзентин жарык дүйнөгө алып келген. Жунусова Гүлнаранын айтымында 2 кыз 1 уулу бар болгон. Эми эркек уулду болуп жолдошунун жана жакындарынын кубанып турган чагы. Гүлнара айым кубанычы менен тең бөлүшкөн район акимине терең ыраазычылык билдирди. Учурда эне менен баланын абалы канаттандырарлык.

     Майрам күнүнө карабай нөөмөттө туруп өз иштерин так аткарган, көптөгөн  наристелерди жарык дүйнөгө алып келген жана эне баланын  саламаттыгын карап жаткан төрөт  бөлүмүнүн акушер айымы Абдылдаева Жазгүлгө, Максүтова Айгүлгө терең ыраазычылык билдирип, жаңы жыл майрамы менен куттуктап иштерине ийгилик каалады. 

 

 

 

 

 

Жооп калтыруу