АТ-БАШЫ: БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ИШКЕРДҮҮЛҮК ЖАНДАНУУДА
09.12.2025. Баш-Кайыңды айыл өкмөтүндө ишкердүлүктү өнүктүрүүгө багытталган ишкерлер форуму болуп өттү.
Иш-чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, Ат-Башы райондук ишкерлер ассоциациясынын төрагасы С.Нарындыков, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү эл жана ишкерлер катышышты.
Аталган форумда райондун акими, ишкерлер ассоциациясынын төрагасы райондо жүргүзүлүп жаткан ишкердүүлүктү өнүктүрүү багытындагы мамлекеттик экономикалык саясат, өз ара кызматташуунун аракеттери боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Региондун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, класстердик багыттар боюнча пикир алышып келечектүү кеңештер берилди. Форумдун жүрүшүндө Баш-Кайыңды айылында ишкердүүлүктүн жаңы катмары пайда болуп жаткан тенденциялары байкалды. Аталган аймактын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү, ишкерлердин идеалары, сунуштар, көйгөйлөрү талкууланып, алдыга келечектүү биргелешкен максаттар мерчемделди.
Баш-Кайынды аймагында өзгөчө туризм, эт, сүт, мөмө жемиш, (чычыркан, карагат) жана балык кластерлердин өнүктүрүүгө абдан чоң потенциалдар бар экендиги белгиленди.
Форум алкагында жарманке көргөзмө уюштурулуп, ага өз ишкердүүлүктөрүн жүргүзүп жаткан үй-бүлөлөр өздөрү чыгырып жаткан азык-түүлүктөрдү жана кол эмгегинен жасаган буюмдарын алышты.


