АТ-БАШЫ: БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ЭЛДИК ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

   Баш-Кайыңды айылында элдик жыйын өткөрүлдү.

    Бүгүн 2026-жылдын 15-январында Баш-Кайыңды айыл өкмөтү тарабынан 2025-жыл ичинде аткарылган иштеринин отчету угулду. Жыйынга Ат-Башы райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, орун басары В.Мурзалымбекова, Ат-Башы райондук прокурорунун орун басары А.Шерматов, райондук мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана айыл тургундары катышышты.

    Жыйында аймактын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиев 2025-жыл ичинде аткарылган жана 2026-жылы аймакта жасала турган иштер тууралуу маалымат берди. 

   Айыл тургундары тарабынан жер үлүш, генплан, ички арыктар, каналдар ж.б жергиликтүү маселелер көтөрүлүп, тийиштүү жоопторун алышты. 

   Жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевтин берген отчету канаттандырарлык деп белгиленип район акими Э.Абдыкадыров тарабынан 2026-жылга карата бир катар милдеттер коюлду.

 

Жооп калтыруу