2026-жылдын 10-11-12-февралында Ат-Башы районунун прокурору К.Нуруллаев тарабынан райондун акими М.Шербаев жана Ат-Башы РИИБнүн башчысы Ж.Сейдинов менен биргеликте Нарын облусунун прокурорунун 2026-жылдын 9-февралындагы №1-Тескемесин аткаруу максатында Ат-Башы районунун Ак-Моюн, Баш-Кайың жана Ат-Башы айылдарында мектеп окуучуларынын ата-энелери, мектеп мугалимдеринин катышуусунда жыйындар өткөрүлдү.
Жыйындарга райондун прокурору К.Нуруллаев “Жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулук”, тактап айтканда, жашы жете электер тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын келип чыгуусу, алардын кесепеттери, ата-энелердин мыйзамдарда белгиленген жоопкерчилиги, “Жашы жете электердин өз өмүрүнө кол салуунун себептери жана аларды алдын алуу” жана башка жашы жете элек өспүрүмдөр кабылып жаткан терс көрүнүштөрдүн, көйгөйлөрдүн орун алып жаткандыгын, ошондой эле “Үй-бүлөдөгү зомбулук” фактылары көбөйгөндүгүн белгилеп, алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгын түшүндүрүп берди.
Жыйындардын жүрүшүндө, негизги тема катары-өспүрүмдөрдүн коомдо татыктуу инсан болуп калыптанышы үчүн: ата-энелердин аларга жасаган мамилеси, берген тарбиясы, билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна шарттарды түзүп берүүсү жана алардын келечеги үчүн ар тараптуу кам көрүүсү негизги максат экендиги жөнүндө кенен сөз болуп, балдарды тарбиялоодо ата-энелердин кайдыгерлиги, кетирип жаткан кемчиликтери талкууланды.
Соңунда тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга балдар арасындагы кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зомбулуктун, коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында зарыл болгон иш-чараларды так жана өз убагында аткаруу тапшырмалары берилди.


