АТ-БАШЫ: ЭНЕРГЕТИКТЕР КЫШ КАМЫЛГАСЫН КӨРҮҮДӨ

     Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан өлкө аймагындагы электр тармактарын жаңылоо жана модернизациялоо иштерине өзгөчө көңүл бурулуп келет. Бул демилгелер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын жашоо-шартынын жакшырышына зор салым кошуп, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Ат-Башы району дагы бул багыттагы иштерден четте калган жок. 2025-жылдын кыш мезгилине карата райондо олуттуу даярдык көрүлдү. Атап айтканда, акыркы 8-9 ай ичинде 26 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап АСКУЭ акылдуу эсептегичтер орнотулду. Бул электр энергиясын керектөөдө тактыкты жана натыйжалуулукту камсыздап, жоготууларды азайтууга өбөлгө түзөт.  

Бүгүнкү күндө Ат-Башы району 80% кышка даяр, ал эми райондун 19 айылы, анын ичинде Аксай жана Арпа өрөөндөрүндө жашаган калктын 100% электр энергиясы менен камсыз болгон. Бул кыш мезгилинде элдин жарыксыз калуу коркунучун бир топ төмөндөтөт. Мындан сырткары, кышында өзгөчө кыйынчылык жараткан Баш-Кайыңды-Өзгөрүш айылдарынын ортосундагы авариялык абалда болгон аба чубалгыларына чоң көңүл бурулду. Быйыл аталган багытта 8 чакырым узундуктагы электр линиясы оңдолуп, 4000 кВа кубаттуулуктагы жаңы трансформатор орнотулду. Ошондой эле 180 даана тирек, жаңы траверсалар жана изоляторлор коюлуп, линия толук реконструкциядан өттү. 

Бул жасалган иштер Ат-Башы районунун тургундарына кышында үзгүлтүксүз жана ишенимдүү энергия жеткирүүгө шарт түзөт. Энергетика министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин мындай аракети-аймактын жашоо сапатын жогорулатып, инфраструктураны өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.

Жооп калтыруу