
2026-жылдын 14-февралында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев Ат-Башы районунун сугат суу системасынын абалы менен таанышты.
Анда Ат-Бшы райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси тарабынан жеринде сугат суу системасын жакшыртуу боюнча 2026-жылга карата аткарылуучу иштер тууралуу маалымат берилип, бир катар көйгөйлөр талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгы менен район акими М.Шербаев тарабынан Орто-Келтебек участкасына 1млн кубдук БДР куруу, Ичке-Таш-Рабат каналын реабилитациялоо, Ичке каналынын 2.7 чакырым аралыгына бетонно-полотно төшөө менен Таш-Рабат каналына кошуу иштерин алып баруу, Казыбек айыл өкмөтүнүн балансында иштебей турган БДРди райондук суу чарба башкармалыгынын балансына тез арада алуу жана иштетүү тапшырмалары берилип,жалпы эле сугатмезгилине ыкчам даярдыктарды көрүү милдеттендирилди.