2026-жылдын 16-январында Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан 2025-жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу отчеттук жана 2026-жылга карата аткарууга мерчемделген милдеттер тууралуу элдик жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Ат-Башы райондук мамлекеттик админичтрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, орун басарлары В.Мурзалымбекова, К.Качкынбаев, Ат-Башы райондук прокурордун улук жардамчысы А.Бектуров, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери С.Саадабаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери Кара-Суу айыл аймагынын тургундары катышты.
Жыйында Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу П.Чикеева тарабынан 2025-жылдагы аймакта аткарылган иштер, 2026-жылга карата аткарылууга мерчемделген иштер тууралуу отчеттук маалымат угулду.
Жыйын алкагында айыл тургундары сугат каналдарын оңдоо, ирригация, мунапыс, турак жайды жана унааны камсыздандыруу, Ат-Башы-Торугарт жолунда жол коопсуздугу, айыл чарба жана жайыт маселелери боюнча сын-пикирлерин айтып, суроо-сунуштарын беришип, жоопторун алышты.
Аким өз сөзүндө 2025-жыл өлкөбүз жана районубуз үчүн алгылыктуу иштердин жылы болгондугун баса белгилеп, жыйында көтөрүлгөн маселе көйгөйлөрдү чечүүнү жана көзөмөлдөөнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
