АТ-БАШЫ: КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БААЛУУЛУКТАРЫН УРПАКТАРГА УЛАЙЛЫ.

        АТ-БАШЫ: КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БААЛУУЛУКТАРЫН УРПАКТАРГА УЛАЙЛЫ

 23.12.2025. Ат-Башы районундагы К.Тыналиев атындагы бала бакчасында “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгын ишке ашыруу максатында “Кыргыз элинин баалуулуктарын урпактарга улайлы” деген темада иш чара болуп өттү.

     Иш чаранын негизги максаты мектепке чейинки курактагы балдарга кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, каада-салты, үрп-адаты тууралуу маалымат берилип, достук жана ыймандуулуктуу бекемкармап, улууларды урматтоого, кичүүлөрдү ызаттоого үйрөтүү болду. 

     Иш чаранын жүрүшүндө кыргыздын улуттук орнаменттерине басым жасалып, ата-бабаларыбыздан калган мурасыбыз боз үй, чүкө оюну жана шырдак боюнча кеңири  маалымат берилип, кызыктуу сабактар өтүлдү. 

     Баса белгилеп айта кетсек К.Тыналиев атындагы бала бакчанын кызматкерлери жай мезгилинде жайлоо бала бакчасын уюштуруп, район боюнча жакшы ийгиликке жетишип, анын жыйынтыгы менен аталган бала бакчанын кызматкерлери Туркия өлкөсүнө 2 кишилик жолдомо утуп алууга жетишип, тажрыйба алмашуу максатында окутууларга катышып келишти. 

     Азыркы учурда бала бакчанын тарбиялануучулары Манас таануу конкурсуна катышып, жакшы жетишкендикке жетишип келүүдө.

      

 

Жооп калтыруу