
2026-жылдын 6-февралында Ат-Башы райондук протуратурасынын демилгеси менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администациясынынбашчысы – М.Шербаев, Ат-Башы райондук прокурору К.Нуруллаев жана салык кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун аймагында ишкердүүлүк жүргүзгөн жарандар менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-ярварындагы “Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө № 18 Жарлыгынын талаптарынын Ат-Башы районунда аткарылышы, ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүн алдын алуу, ишкердик ишке тоскоолдук кылуусун жана менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктары мамлекет тарабынан корголо тургандыгы жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.