АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

2026-жылдын 3-мартында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, Ат-Башы айылынын борбордук аянтындагы туу көтөрүлдү. 

Иш-чарага район акими М.Шербаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлер жана район тургундары катышты.

Желек Кыргыз Республикасынын Гимни менен көтөрүлүп, район акими туунун мамлекет үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

“Санжыралуу тарыхы бар кыргыз жерибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Уюткулуу кыргыз элинин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын эмгегин чагылдырып турары белгилүү. Желегибиз ар дайым элибиздин намысын бийик көтөрүп, мамлекетибиздин келечегине жол көрсөтүп турсун. Жергебизде тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болуп, ар бир үй-бүлөдө бакыт, бекем ден соолук болсун” деп куттуктоосун жолдоду. 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийин 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынып, 2023-жылы желекке өзгөртүү киргизилген. 

 

 

Жооп калтыруу