Бүгүн, 2026-жылдын 4-февралында Ат-Башы райондук мамлекеттик админстрациясында район акими М.Н.Шербаев тармак-тармак боюнча райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерин кабыл алды.
Жолугушууда райондук мекеме-ишканалардын 2026-жылга карата пландары, биринчи кезекте жасала турган иштер жөнүндө кеңири талкууланды.
Жыйынтыгында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев тарабынан мекеме ишканалардын жетекчилерине калкты көмүр менен камсыздоо, инфраструктураны жакшыртуу жана калкка кызмат көрсөтүүнү жогорулатуу, жол коопсуздугу, турак жайларды камсыздандыруу, энергетика тармагы боюнча жетекчилерге бир катар милдеттерди коюп, тапшырмаларды берди.

