АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН ЭҢ АЛГАЧКЫ АГАРТУУСУ МАРДАНШИН ШАМСИГЕ 130 ЖЫЛ

2026-жылдын 16-мартында Ат-Башы районундагы Б.Кыдыкова атындагы моделдик-инновациялык китепканасында Ат-Башы райондук билим берүү тармагына чоң эбегейсиз салымын кошкон алгачкы агартуучу Марданшин Шамсинин 130 жылдык эскерүү кечеси уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чарага райондун акиминин орун басары В.Мурзалымбекова, кыргыз элинин жазуучусу, журналист Т.Султанов, агартуучунун мекендештери жана небере чөбөрөлөрү тууган -уруктары катышты.

Кеченин жүрүшүндө райондун алгачкы агартуучусу Марданшин Шамсинин өмүр жолу, эмгек жолу, жаш муундарды тарбиялоодогу өзгөчө эмгегин, билимге болгон сүйүүсүн, коомго калтырган үлгүсүн эскерип, кече С.Андабеков атындагы үйүнүнкызматкерлеринин коштоосунда болуп өттү.

  

 

 

Жооп калтыруу