
19.11.2025. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында районубуздун С.Андабеков атындагы маданият үйүндө улуттук баалуулуктарды сактоо, келечек муунга жайылтуу максатында “Таанытым” тобунун эл менен жолугушуусу болуп өттү.
Иш чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, Кыргыз Руспубликасынын Эл акыны, юридикалык илимдердин кандидаты Ж.Саалаев, Кыргыз-Туусу басма үйүнүн директорунун орун басары К.Айдаров, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Н.Талантбеков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Мидин уулу Канат жарлыктын багыттары боюнча кеңири маалымат беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук сыймык элдин тарыхын, тилин, маданиятын жана салттуу баалуулуктарын таанып билүүдө аларга урмат мененмамиле кылуу экендигин баса белгиленди. Эгемен мамлекеттин ээси болуу ар бир жарандын, улуттун сыймыгынын башкы булагы. Улуттук сыймык келечек үчүн кам көрүү милдети менен жоопкерчиликти бирдей моюнга алуу сезимдеринин айкалышында жаралып бекемделет.
Кыргыз эли кыйын кырдаалдарда тайманбастык менен түп көтөрүлө чыгып, биримдиктин жана уюшкандыктын кайталангыс өрнөктөрүн дүйнөгө көрсөтүп келген эл. Ал ата-бабанын акыл-насааттарын уңгужол тутуп, табият менен ырашкерликте кошуна элдер менен жылуу мунасада жашайт. Ошону менен бирге ички жана сырткы күрөштөрдө жеңишке жетүүгө дайым даяр турат. Уңгужол идеологиясын элге жеткирүү боюнча суроо-жооп берилип сунуштар айтылды. Иш чаранын соңунда аксакалдар бата берип “Таанытым” тобуна ийгилик каалашты.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.