АТ-БАШЫ: УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРИНЕН АКИМ КАБАР АЛДЫ

Бүгүн, 2026-жылдын 5-февралында Ат-Башы районунун акими М.Шербаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жапаров Сатынды атадан кабар алды.

Жыл өткөн сайын арабызда карааны суюлуп бара жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин бири Жапаров Сатынды ата быйыл 100 жашка чыкты. Ал өмүр бою эл үчүн иштеп, коомдук саясий иштерге жигердүү аралашып келген.

Район акими М.Шербаев жылуу сөзүн айтып: Тынч жашоо үчүн өз өмүрүн арнаган ардагерге ыраазычылык билдирип, согуш талаасында өзүнүн эмгегин көрсөткөн сиздей аталардын эрдиги унутулбай тарыхта калаарын баса белгиледи.

Жооп калтыруу