ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА ЖОЛ ЖОК.

09.12.2025. Бүгүн Б.Кыдыкова атындагы райондук модельдик-инновациялык китепканасында “Зордук-зомбулуксуз жашоо жаштардын келечеги” деген темада зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган 16 күндүк акциянын негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул 16 күндүк акция гендердик зомбулукка каршы аялдарга жана кыздарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча жамааттык аракеттерди күчөтүүгө багытталган.
Иш-чаранын негизинде азыркы убакта аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук күн сайын өсүп жаткандыгы, зордук-зомбулук аялдардын гана көйгөйү эмес жалпы коомдун көйгөйү экендигин жана андан кантип арылууга боло тургандыгы талкууланып, мындан ары да зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында тиешелүү мекемелер иш алып бараарын белгилешти.



