2025-жылдын 19-май күнү Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында 2025-жылдын I кварталынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйын болуп өттү. Ага район аймагындагы бардык мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө райондук администрациясы тарабынан 2025-жылдын I кварталында аткарылган негизги иштер, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр, жарандардын кайрылууларын кароо, инфраструктураны өнүктүрүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты боюнча кеңири баяндама жасалды.
Мекеме-ишканалардын жетекчилери да өз тармактары боюнча маалымат берип, көйгөйлүү маселелерди жана сунуштарды ортого салышты.
Жыйындын соңунда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров төмөнкүдөй оюн билдирди:
«Мындай коллегиялык жыйындар аймактын өнүгүшүн системалуу негизде талдоого, өз ара кызматташтыкты чыңдоого жана жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүдө жоопкерчиликти жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бардык жетекчилерди жүктөлгөн милдеттерди так жана өз убагында аткарууга чакырам», — деди район башчысы.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.






