АТ-БАШЫДА АЛДЫҢКЫ ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

2026-жылдын 9-мартында Ат-Башы районунун акими М.Шербаев республикалык предметтик олимпиаданын облустук этабында ийгилик жараткан окуучуларды жана аларды даярдаган мугалимдерди кабыл алды.

Жолугушууда район акими М.Шербаев мугалимдин коомдогу орду абдан бийик экенин, алардын кадыр-баркын көтөрүү жана колдоо көрсөтүү боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан бир катар иштер жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгилеп, окуучуларга алдыда өтө турган республикалык олимпиадада ийгиликтерди каалап, алардын жетишкендиктери район үчүн чоң сыймык болоорун айтып өттү.

Ошондой эле 8 окуучуну даярдаган 8 мугалимдин эмгеги зор экендиги белгиленип, алардын талыкпастан аракети бааланып, ардак грамоталар, окуучуларга ыраазычылык каттар жана аларга дем берүү максатында акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

 

Жооп калтыруу