

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин демилгеси менен Ат-Башы районунда заманбап асфальт-бетон заводу курулуп бүткөрүлдү. Бул ишке мамлекет тарабынан 72 миллион сом бөлүнүп, заводдун курулушу толук мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланды.
Заводго алынып келинген техникалык жабдуулар заманбап стандарттарга ылайыкташтырылган. Бүгүнкү күндө жаңы заводдо монтаждоо иштерин аягына чыгаруу, өндүрүштү ишке берүү иш аракеттери көрүлүүдө.
Жаңы ишкана райондук жана облустук маанидеги жолдорду оңдоо жана куруу иштерин ылдамдатууга, ошондой эле асфальт-бетон жабындысынын сапатын жакшыртууга чоң салым кошмокчу. Заводдун кубаттуулугу саатына 80 тонна асфальт өндүрүү менен жылына миңдеген тонна асфальт пайдаланууга берилет.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.