АТ-БАШЫДА УЛУУ МУУН АРАСЫНДА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ

Үстубүздөгү жылдын 14-декабрында Ат-Башы районунда 60 жаштан жогору курактагы адамдар арасында волейбол боюнча турнир өттү. Бул иш-чараны райондук аксакалдар кеңеши демилге көтөрүп, 65 жаштан улуу муундар арасында мелдеш болуп, ага жалпы 13 команда катышты. Анын ичинен 7 команда айымдардан, ал эми 6 команда эркектерден түзүлдү.
Турнирге Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациянын башчысы -аким Э. Абдыкадыров катышып, мелдештин өтүшү, келе жаткан жаңы жыл менен ардагер спортчулардц куттуктап, баардык командага ийгилик каалады. Ардагерлер жашоодо баардык тараптан жаштарга үлгү болуп, спортту сүйүп, дени сак жашоого үндөөдо бүгүнкү турнир абдан маанилүү экенин белгиледи.
Командаларга ийгилик каалап, ардагерлерге дөөлөттүү өмүр, берекелуу жашоо каалады.
Мелдеш, күчтүү курамдан турган командадар мыкты оюн көрсөтүп, жыйынтыгында,
Эркектер арасында:
1. 1-орун — Кара-Суу айылы
2. 2-орун — Ача-Кайыңды айылы
3. 3-орун — Казыбек айылы
4. 4-орун — Ак-Жар айылы
Айымдар арасында:
1. 1-орун — Ат-Башы айылы
2. 2-орун — Ак-Жар айылы
3. 3-орун — Казыбек айылы
4. 4-орун — Баш-Кайыңды айылы
Мыкты оюнчуларга наамдар берилди:
• Жакшы оюнчу
• Мыкты чабуулчу
• Мыкты коргоочу
Бул мелдеш спортту сүйгөн улуу муундагы адамдардын активдүүлүгүн колдоо жана ден соолукка кам көрүү максатында уюштурулган. Уюштуруучулар бардык командаларды куттуктап, спорттук жетишкендиктерди каалашты.

Жооп калтыруу