АТ-БАШЫДА ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 25-февралында Ат-Башы районунун прокуратурасынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коллегиясынын 2026-жылдын 30-январындагы №1-чечимин аткаруу максатында райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Балдарга жана аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук, жашы жете электерге карата жасалган жыныстык мүнөздөгү кылмыштар, инсандын руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар, ошондой эле киберкылмыштуулук, интернет тармагын пайдалануу менен жасалган алдамчылык фактылары” темаларында райондун укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык кеңешме өткөрүлдү.

 Жыйынга Ат-Башы районунун прокурору К.Нуруллаев, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Нарын  областынын Ат-Башы району боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Абдраманов, Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ж.Сейдинов жана анын орун басары Н.Акиновдор катышты.

Кеңешмеде 2025-жылы жана 2026-жылдын  бүгүнкү күнүнө карата райондун аймагында катталган Балдарга жана аялдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун жашы жете электерге карата жасалган жыныстык мүнөздөгү кылмыштар, инсандын руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар, ошондой эле киберкылмыштуулук, интернет тармагын пайдалануу менен жасалган  алдамчылык фактылары боюнча маалыматтар берилип, алардын келип чыгыш себептери, алдын алуу чаралары, калк арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жөнүндө кеңири баяндалып,орун алган көйгөйлөрдү чечүүнүн негизги жолдору талкууланды. 

Жооп калтыруу