АТ-БАШЫДА ЗАМАНБАП МАШЫГУУ КЛУБУ АЧЫЛДЫ

Ат-Башы айылында бардык шарты каралган заманбап машыгуу клубу ачылды. Бул ден соолукту чыңдоочу жайды жеке ишкер Нургазы Бекенов ачып, ачылышы кечээ 10-мартта болду. Ага ага район акими Э.Абдыкадыров, айылдык Кеңештин депутаттары, жана башка коноктор, айыл тургундары катышты.
Район акими Э.Абдыкадыров жеке ишкердин ишине ийгилик каалап, элдин ден соолугуна кам көрүүгө, бир катар оорудардын алдын алууга, сергек жашоо образын алып жүрүүгө шарт түзүп жатканына ыраазычылык билдирди.
Жеке ишкер Нургазы Бекенов алдыда камералар орнотулуп, дагы бир катар шарттар түзүлөрүн белгилеп өттү.
Бул ден соолукту чыңдоочу залда атайын машыктыруучу бар. Ичинде машыгууга керектүү шаймандар толугу менен камсыздалган. Ошондой эле кийинип-чечинүүчү бөлмө жана жуунучу жайы да салынган.
Машыгууга анда айымдар жана мырзалар үчүн атайын графиктер түзүлгөн.
1-3-5-күндөрү айымдар, ал эми 2-4-6-күндөрү мырзалар.
Байланыш телефондору: 0703160712 Талант
Дареги: Ат-Башы айылы, ЦОНдун жанында жайгашкан
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы.

Жооп калтыруу