АТ-БАШЫДА 260 ЭНЕГЕ БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛЫП, СЫЙ КӨРГӨЗҮЛДҮ

Энелер күнүнүн урматына Ат-Башы районунда 260 эне бир жерге чогултулуп аларга сый көргөзүлдү. Тагыраагы райондун талантары тарабынан апаларга майрамдык маанай тартуулаган концерттик программа коюлса район жетекчилиги жана атайын демөөрчүлөр тарабынан чакан белектер ар бирине ыйгарылды.

Толук окуу…

ЭНЕ ЖҮРӨГҮ МЕНЕН ААЛАМ ДЕМ АЛАТ, ЭНЕ КҮЛКҮСҮ МЕНЕН ААЛАМ НУРДАНАТ…

Эне — жашоонун башаты, үй-бүлөнүн таянычы, улуттун уюшуусунда өзгөчө ролго ээ ыйык образ. Ушул ыйык макамды даңазалоо жана энелерге терең ыраазычылык билдирүү максатында Ат-Башы районунда Энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек кызы Жылдыз, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров, ошондой…

Толук окуу…

АТ-БАШЫДА 2025-ЖЫЛДЫН I КВАРТАЛЫ БОЮНЧА КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН ӨТТҮ.

  2025-жылдын 19-май күнү Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында 2025-жылдын I кварталынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйын болуп өттү. Ага район аймагындагы бардык мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.   Жыйындын жүрүшүндө райондук администрациясы тарабынан 2025-жылдын I кварталында аткарылган негизги иштер, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр, жарандардын кайрылууларын кароо, инфраструктураны өнүктүрүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты боюнча…

Толук окуу…

КУТТУКТОО

Урматтуу айымдар! Сиздерди жаркыраган Жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, турмуштагы бардык кыйынчылыктарды жеңип, улам жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырып турат. Сиздер – үйдүн куту гана эмес, мамлекетибиздин таянычы…

Толук окуу…

КУЛАКТАНДЫРУУ

Урматтуу жарандар! Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү-Жарандык коргонуу башчысынын 2024-жылдын 5-мартындагы №1 буйругуна ылайык, кар көчкүлөрүн мажбурлап түшүрүү иш-чараларын жүргүзүү зарылчылыгына байланыштуу жана жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 293-306 чакырымдарында (Долон ашуусунда) уюштурулаарын билдиребиз. Жогорудагы иш-чарага ылайык, 2024-жылдын 7-мартында саат 12-00дөн…

Толук окуу…