АЯЛДАР КЕҢЕШИ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ӨТКӨН ЖЫЙЫНДАР

Ат-Башы районунда жалпы билим берүү мектептеринин 8-11-класстарынын окуучу кыздарына бектилген графикке ылайык райондук мамлекеттик администрациясы, Аялдар кеңештери жана медицина кызматкерлери менен биргеликте “Кыз кымбаты” аталышындагы кыздар менен диалог уюштурулуп, жашы жете элек кыздар арасында ар кандай жагдайларды алдын алуу жана кыздарга тарбия насаат берүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жеринде мектептерде жыйындар өткөрүлдү. 

Жыйын жүрүшүндө кыздардын билим алууга болгон жоопкерчилиги, коомдогу орду, өзүн алып жүрүү маданияты, келечектеги максаттары талкууланды. Ошондой эле эрте турмушка чыгуу, ден соолукту сактоо, социалдык тармактарды туура колдонуу сыяктуу актуалдуу ткмалар боюнча да маалымат берилди.

  

 

 

Жооп калтыруу