ЖАҢЫ АЧЫЛГАН БАЛА БАКЧА
Бүгүн 2025-жылдын 25-декабрында Ат-Башы районунун Баш кайыңды айылында “Аман Шадыбеков” атындагы жаңы заманбап бала бакча курулуп, колдонууга берилди. Салтанаттуу ачылыш өлкө башчысынын аралыктан катышуусу менен болуп өттү. Бала бакча эки кабаттан туруп, жалпы сметалык баасы 71 млн 912 миң сомду түздү. Бул 120 орундуу бала бакчада 35 кызматкер иштей тургандай ыңгайлуу баардык шарты менен салынган.
Салтанаттуу ачылышка Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары В.Мурзалымбекова, Нырын облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы О.Солтобаев, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Дыйканбаев, Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы А.Бокоев, айылдын кадырлуу аксакалдары жана жергиликтүү эл катышты
