БИЗ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ИНСАНДАРДЫ КОЛДОЙБУЗ

Ат-Башы районунда “Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо күнү” белгиленди. 

3-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо күнү! Ат-Башы районундагы С.Андабеков атындагы маданият үйүндө “Кош жылдыз” жана “Чексиз таланттар” аталышындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көңүл буруу жана алардын чыгармачылыгын арттыруу максатында иш чара болуп өттү. 

Иш-чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы – акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, мекеме-ишкана жетекчилери жана башка катышуучулар катышышты.

Куттуктоо сөзүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүү жана аларды колдоо ар бирибиздин милдетибиз экендигин белгилеп, чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүүгө жана өнүктүрүүгө шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн ар бир адамдын чыгармачылыгы жана жетишкендиги коомубуздун байлыгы экендигин айтып, катышуучуларга ден соолук, ийгилик каалады.

Катышуучулар арасында обондуу ырлар,бий, көркөм окуу жана комуз черүү өнөрлөрүн тартуулашып жыйынтыгында өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүшкөн катышуучуларга номинациялар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Аким тарабынан жарыяланган 1 айлыктын алкагында райондо “Биз биргебиз” ДМЧ жарандарга камкордук көрсөтүү акциясы уланууда.

Жооп калтыруу