КАЛИНИН-ЖАҢЫ-КҮЧ УНАА ЖОЛУ АСФАЛЬТТАЛУУДА

Ат-Башы районунун Калинин-Жаңы күч унаа жолунун 3 километри асфальтталууда. Буга республикалык бюджеттен жалпы 15 млн. каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күнү 1,6километри, жалпылап айтканда 60%ы буткөрүлдү. Ат-Башы райондук №957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан иштер аткарылууда. Май айынын аягына чейин толук асфальтталып бүткөрүлөт. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы

Толук окуу…

АТ-БАШЫДА ЗАМАНБАП МАШЫГУУ КЛУБУ АЧЫЛДЫ

Ат-Башы айылында бардык шарты каралган заманбап машыгуу клубу ачылды. Бул ден соолукту чыңдоочу жайды жеке ишкер Нургазы Бекенов ачып, ачылышы кечээ 10-мартта болду. Ага ага район акими Э.Абдыкадыров, айылдык Кеңештин депутаттары, жана башка коноктор, айыл тургундары катышты. Район акими Э.Абдыкадыров жеке ишкердин ишине ийгилик каалап, элдин ден соолугуна кам көрүүгө,…

Толук окуу…