“МАНАС ЭПОСУ-УЛУУ МУРАС”. МАНАС ТААНУУ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ

2026-жылдын 11-мартында Ат-Башы районунда “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы жана Жаш манасчылар сынагы өткөрүлдү. Сынак манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы-Манас” эпосунун үчилтиги (Манас, Семетей, Сейтек) боюнча өтүп, ага райондун мектептеринен келген 21 команда, Манас айтуу кароо-сынагына 61 окуучу катышты. “Манас таануу” интеллектуалдуу таймашы мындан туура 15…

Толук окуу…

АТ-БАШЫДА АЛДЫҢКЫ ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

2026-жылдын 9-мартында Ат-Башы районунун акими М.Шербаев республикалык предметтик олимпиаданын облустук этабында ийгилик жараткан окуучуларды жана аларды даярдаган мугалимдерди кабыл алды. Жолугушууда район акими М.Шербаев мугалимдин коомдогу орду абдан бийик экенин, алардын кадыр-баркын көтөрүү жана колдоо көрсөтүү боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан бир катар иштер жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгилеп, окуучуларга алдыда өтө…

Толук окуу…

АКИМ ГЕМОДИАЛИЗ БОРБОРУНУН КУРУЛУШУ ЖАНА АСКЕРКОМИССАРИАТЫНЫН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ.

Ат-Башы районунун акими М.Шербаев райондо жаңы салынып жаткан гемодиализ борборунун курулушу менен таанышып, райондук аскер комиссариатынын имаратынан жеринде барып кабар алды. Белгилегендей, гемодиализ борборунун курулушу бүтүп, пайдаланууга берилгенден кийин бөйрөк оорулары менен жабыркаган бейтаптарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзүлөт.  

Толук окуу…

АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

2026-жылдын 3-мартында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, Ат-Башы айылынын борбордук аянтындагы туу көтөрүлдү.  Иш-чарага район акими М.Шербаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлер жана район тургундары катышты. Желек Кыргыз Республикасынын Гимни менен көтөрүлүп, район акими туунун мамлекет үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. “Санжыралуу тарыхы бар кыргыз жерибиз, байыркы…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ РАЙОНДУК ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ ИШКЕ БЕРИЛДИ

2026-жылдын 28-февралында Ат-Башы районундагы Ак-Өргө жаңы конушунда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин демилгеси менен курулган имараттын ачылыш аземи болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Н.Орунтаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаров, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким…

Толук окуу…