Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Ат-Башы районунда иш сапары менен келди.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Эмилбек Абдыкадыров, акимдин орун басары Жылдыз Жантелиева, Ат-Башы райондук эмгек, социалдык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Тилек Темиров иш сапары менен келген Жылдыз Полотовагага алгач “Ат-Башы эт” комбинатында болуп, ишканын ишмердүүлүгү менен кенен тааныштырышты. Министр ишканын жасап жаткан ишине ийгилик каалап, ошондой эле жумушсуздук боюнча каттоодо турган жарандарды иш менен камсыздоодо ишкана менен биргелешип иш алып баруу боюнча сунуш -пикирлерин айтты. Андан соң райондогу социалдык контракт долбоору аркылуу чакан ишкерликти жүргүзүп жаткан айрым тургундар менен жолугушту.
Белгилей кетсек, Ат-Башы районунда социалдык контракт долбоору менен жалпы 318 адам ишкерлигин баштаган. Ишкерлигин ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандардын айрымдарына экинчи жеңилдетилген пайызсыз насыя берилип, ишкерлигин кеңейтүүгө жетишкен.
