2026-жылдын 7-апрель күнү Ат-Башы районунда Апрель Элдик революциясынын 16-жылдыгына карата баатырларды эскерүү митинги болуп өттү. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, апрель окуясынын катышуучулары, курман болгон баатырлардын жакындары катышты. Элдик революциясында курман болгон баатырларга арналып тургузулган эстелик алдында гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду.
Эске салсак, 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтындагы көтөрүлүштө курман болгон 87 адамдын ичинен 5 адам Чыңгышов Канатбек, Бейшеев Нурлан, Абдылдаев Кудаш, Казиев Марат, Өмүралиев Эрландар Ат-Башы районунун тургундары болгон. Район боюнча көтөрүлүшкө 26 адам катышкан.
Апрель окуясы-элибиздин тарыхындагы маанилүү бурулуш болгон учурлардын бири.Бул эркиндик үчүн күрөшкөн уулдарыбыздын баатырлыгын эске салып, келечек муундарды мекенди сүйүүгө, биримдикке, патриоттуулукка чакырат.
