САПАТТУУ ЖОЛ-КООПСУЗ КАТТАМ.

Ат-Башы райондук №20 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдорду жакшыртуу багытында маанилүү иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Ат-Башы-Кында-Торугарт (Ат-Башы-Бирлик) унаа жолунун 6,9 – 7,9 чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул иштер аймактагы жол инфраструктурасын жакшыртып, унаалардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзөт.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар үчүн каттамды жеңилдетип, экономикалык жана социалдык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө болот.

Жооп калтыруу