2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов Нарын облусунун Ат-Башы районундагы аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушуна расмий түрдө капсула салды. Иш чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Максат Кадыркулов, райондук аскер коммиссияратынын өздүк курамы, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, ошондой эле курулуш тармагынын өкүлдөрү катышып, жаңы имараттын маанисине токтолушту.
Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө сөз сүйлөгөндөр өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого мындай объектилердин ролу чоң экенин белгилешти. Алар жаңы имарат заман талабына жооп берип, аскер кызматкерлерине жана жарандарга ылайык бардык шарттар менен камсыздалат.

