КЕЛ-СУУ КӨЛҮНӨ АВТОУНААЛАРДЫН КИРҮҮСҮ ТЫЮУ САЛЫНАТ

IMG_9702

2025-жылдын 16-январь күнү Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнө жеринде Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан мекеме ишканалар аралык түзүлгөн комиссия барып текшерүү жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнү Ак-Сай өрөөнүндөгү Көк-Кыя участкасында туристтерди кабыл алган бир конок үйү иштеп, калган конок үйлөрү кышкы мезилге карата убактылуу жабылган. Ошол иштеп жаткан конок үйүнүн ээси Бирлик айылынын тургуну Төлөков Медерге таандык “Медер Ютком” туристтерди тосуу жайына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Буга чейинки интернет булактарына чыгарылган видеороликтеги туристтер жергиликтүү Кел-Суу аймагынла турист тоскон жайга барбай, өз алдынча келгендиги маалым болду.

Мындан сырткары турист тосуучу конок үйгө:
-өрт коопсуздугу; -экологиялык техникалык эрежелери;
-айлана чөйрөнү коргоо;
-суу ресурстарын коргоо боюнча түшүндүрмө берип, кол койдуруп, эскертмелер жеринде берилди.
Ошондой эле Кел-Суу көлүнө жеринде барып тоңгон муздун үстүнө кароо жүргүзүлгөн учурда эч кандай автоунаалардан май тамбагандыгы жана резина калдыктары калбагандыгы, ошондой эле экологияга жана айлана-чөйрөгө зыяндуулук алып келген эмес. Мындан ары Кел-Суу көлүнө автоунаалардын кирүүсү тыюу салынып толук көзөмөлгө алынат. Интернет булактарына чыккан автоунаа менен көл үстүндө чимириле айдап ээнбаштык кылган адамдар боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы

Жооп калтыруу