КИРИП КЕЛГЕН ЫЙЫК ОРОЗО АЙЫ КУТ БОЛСУН!
Айлардын султаны болгон рамазан айына карата Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башсы Э.Абдыкадыровдун куттуктоосу.
Урматтуу калкым!
Бүгүн ислам календарындагы эң ыйык айлардын бири болгон Орозо айын кубануу менен тосуп жатабыз. Берекеге, кайрымдуулукка жана руханий жаңыланууга толгон бул ай ар бир адамзаты үчүн өтө маанилүү.
Илгери ата-бабаларыбыз да бул айды чыдамсыздык менен кутуп, орозо тутуп, тилек тилеп, бата кылып келишкен. Кыргыздын каада-салты, үрп-адаты, таалим-тарбиясы дал ушул айларда бекемделип турат десем жаңылышпайм.
Орозо -руханий жактан өркүндөп-өсүүгө, жан дүйнө менен ден соолукту жаңылоого умтулган мезгил. Бул ай толеранттуулук, адеп-ахлакты жана боорукердикти бекемдөөгө өбөлгө түзөт жанк тарбия жана боорукердик сезимин алып келет. Ар бирибиз сыноолорду жеңип, өзүбүздү жакшы жакка өзгөртүү үчүн күч жана акылмандык табалы.
Орозо айынын башталышы өзүн-өзү тарбиялоонун, өзүн-өзү таануунун жана кайрымдуулуктун маанилүүлүгүн эсибизге салат. Бул айда ар бир адам өзүнүн ички тынчтыгына кайрылып, терс көрүнүштөрдөн, нааразычылыктардан арылууга жана жаңы башталышта күч табууга умтулат.
Жүрөгүбүз ыйманга толсун, ойлорубуз тазарсын, жасаган кыймыл аракетибиз элибиз үчүн жакшылык гана алып келүүсүнө таасирин тийгизсин. Дене боюбуз менен, жан дүйнөбүз менен тазаруу ниетибиз ишке ашсын!
Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!
Жалпыбызды жараткан колдосун!