КӨП ЖЫЛДЫК КӨЙГӨЙ ЧЕЧИЛҮҮДӨ

Бул убакытка чейин Ат-Башы районунун Баш- Кайыңды айылынын Ат-Башы дарыясынын жээгинде жайгашкан бир топ жерлерин суу жеп келген.

Бул маселе боюнча Баш-Кайыңды айылынын калктуу конушун жээк эрозиясынан коргоо максатында 2023-жылы аталган аймакка суу тосмолорун куруу иши колго алынып, жалпы 7 суу тосмо (шпора) куруу боюнча 78 млн сомдук проект иштелип чыккан.

2023-жылы 1-жана 2-суу тосмолору курулуп бүгүнкү күндө калктуу конушту коргоодогу эффектиси ийгиликтуу болду. Учурда 3-жана 4-суу тосмолорун куруу иштери уланууда.

2024-жылдын 4-июнь күнү Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров тарабынан курулуш иштеринин жүрүшү боюнча жеринде кабар алынып, маселени ыкчам чечүү жана сапаттуу бүткөрүү тууралуу тийиштүү тапшырмалар берилди.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы

Жооп калтыруу