2026-жылдын 11-мартында Ат-Башы районунда “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы жана Жаш манасчылар сынагы өткөрүлдү. Сынак манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы-Манас” эпосунун үчилтиги (Манас, Семетей, Сейтек) боюнча өтүп, ага райондун мектептеринен келген 21 команда, Манас айтуу кароо-сынагына 61 окуучу катышты.
“Манас таануу” интеллектуалдуу таймашы мындан туура 15 жыл мурда 40 окуучу менен башталса учурда 40 миңдей окуучуну камтыды. Бул келечек муунга кыргыз элинин тарыхый байлыгы болгон “Манас” үчилтигин окуучуларга жана жаштарга таанытуу, жайылтуу, аларды атуулдукка, достукка, биримдикке улут аралык ынтымакка тарбиялоо жана улуттук идеологияны жеткирүүгө арналган негизги долбоордун бири.




