Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү тарабынан Ат-Башы районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мектеп, бала бакчалардын директорлору, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери менен мамлекеттик кепилдик программасы боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйын АТ-Башы райондук мамлекеттик Администрациясынын башысы-аким Э.Абдыкадыров, анын орун басары Ж. Жантелиева, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы А.Муканов, ММК программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Ж.Азизбекованын катышуусунда өттү.
Жолугушууда, катышуучуларга Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызмат көрсөтүүнүн шарттары, калктын социалдык аярлуу катмарына жана медициналык жактан камсыздандырылган жарандарга каралган акысыз жана жеңилдетилген шарттагы медициналык кызматтардын түрлөрү, амбулатордук шартта жеңилдетилген баадагы дары-дармектер менен камсыз кылуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, медициналык жактан камсыздандырылбаган жарандардын категориялары жана аларга каралган 1840 сомдук ММК Полиси, камсыздандырылбаган жарандар 1840 сомдун ММК Полисин 1 жылга сатып алуу менен медициналык кызмат алууда жеңилдиктерге ээ боло тургандыгы, камсыздандырылбаган жарандардын категориялары, ММК Полисин алуу жолдору боюнча маалыматтар берилди.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу – бул саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун камсыз кылууга багытталган социалдык жактан коргоонун мамлекеттик формасы, анын максаты Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарын сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардам менен кепилденген камсыз кылуу болуп саналат.
Медициналык камсыздандырылган топко кимдер кирет?
Мамлекетке салык төккөн кызматкерлер, пенсионерлер, мектеп окуучулары (18 жашка чейин), ай сайын жөлөк пул алчулар, аскер адамдары, фермерлер, 21 жашка чейинки күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер жана жумушсуздугу боюнча каттоодо тургандар медициналык камсыздандырылгандарга кирет. Башкалары атайын полис сатып алган учурда гана бул категорияга кошулат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин кимдер алууга тийиш:
-18 жаштан жогору иш менен камсыз кылуу кызматында катталбаган жарандар;
-21 жаштан жогорку студенттер;
-төгүмдөр келип түшпөгөн жеке уюмдарда, ишканаларда, базарларда иштегендер (тигүүчүлөр, куруучулар,такси айдоочулары);
-Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле чет өлкөлүк студенттер.