11-июнда Ат-Башы райондук мамлекеттик администарциясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын эли менен жолугушуп, элдин көйгөйлөрүн укту.
Жыйынга район акиминен сырткары укук коргоо органдарынын жетекчилери жана тармактар боюнча райондук мекеме жетекчилер катышты.
Жыйында өзгөчө Ак-Моюн айылында сугат жер аянттарын сугаруу маселелери айтылса, Бирлик айылында электр энергияга тиешелүү жана кооперативге берилген жерлер тууралуу маселелер козголду.
Элеттеги көйгөйлөрдү чечүү тууралуу талкууга алынып, жыйындын жүрүшүндө райондук мекеме жетекчилерге конкреттүү бир катар тапшырмалар берилди.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы