Ат-Башы районунун башчысы Эмилбек Абдыкадыров 31-декабрь майрам күнү райондук төрөт бөлүмүндө жаңы жыл алдында көз жарган энени куттуктап, энеге гүл жана наристеге арнап белек тапшырды.
31-декабрь күнү саат 08:35те райондук төрөт бөлүмүндө 26 жаштагы Акылай Максатбек кызы көз жарып, эркек уулун жарык дүйнөгө алып келди.
Район башчысы Эмилбек Абдыкадыров жаңы жылдын алдында көз жарган энеден кабар алып, белектерин тапшырды.
Наристесин аман-эсен жарык дүйнөгө алып келген энеге бекем ден соолук, наристеге бактылуу балалык, кең келечек каалап, кубанычын тең бөлүштү. Өлкө башчысы көп балалуу энелерге кийинки жылдан баштап жакшы колдоо көрсөтө турганын айтып, энени баатыр энелердин катарын толуктоосун тилек кылды.
31-декабрда майрам күнү 2-баласын жарык дүйнөгө алып келип, кубанычы койнуна батпай турган Акылай Максатбек кызы сүйүнүчүн тең бөлүшүп, куттуктап келген район акимине ыраазычылыгын билдирип, жалпы элди жаңы жылы менен куттуктады.
Ошондой эле, майрам күнгө карабай өз иштерин так аткаруу менен нөөмөткө туруп, наристелерди жарык дүйнөгө алып келип, эне-баланын саламаттыгын карап жаткан бөлүмдүн акушер айымы Жумагул Абдылдаева, медайымы Айгул Максутова жана кенже кызматкер Кенжегул Акиевага өзгөчө ыраазычылык билдирип, аяз ата,аяз кыз менен жаңы жылдык жакшы маанай тартуулап, чакан белегин берди.