Район тууралуу жалпы маалымат
Ат-Башы району – Кыргызстандын Нарын облусунун түштүк бөлүгүндө административдик-аймактык бирдик. 1930-жылы уюшулган. Түштүк жана түштүк-чыгышынан Кытай,чыгышынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, түндүк-батышынан Ак-Талаа, батышынан Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондоруу менен чектешет. Аянты19,1миң км2 Борбору-Ат-Башы кыштагы.
Климаты
Климаты кескин континенттик. Июлдун орточо температурасы дыйканчылык өрөөндөрүндө 12-18 С (Аксай өрөөнү ). Орто Азиянын “суук уюлу” Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 300-350мм, тоолордо 400-450 мм. Кышы 5-8 айга созулуп, кар 20-30 см калыңдыкта түшөт. Ат-Башы кырка тоосунда, Какшаал, Фергана тоо тизмектеринде, Арпа, Чатыр-Көл, Аксай өрөөндөрүндө түбөлүк тоң жатат.
КАЛКЫНЫН ИШ АРАКЕТИ.
Калкынын негизин кыргыздар (96%) түзөт. Ошондой эле өзбек, уйгур, татар, казак ж.б улуттар бар. Орточо жыштыгы 1км2 жерге 2,8 киши. Райондо негизинен мал чарбасы өнүгүп, айыл чарбадан алынган продукциянын 60%тен ашыгын өндүрөт. Өрөөндөрүнүн бир аз гана бөлүгү дыйканчылыкта пайдаланылып көбү жайыт (Кыргызстандын жалпы жайытынын 12%ке жакыны). Ат-Башы району “Органикалык регион” статусун алып, кластердик экономиканын өнүгүүсүнө багыт алды. Эт класстери түзүлүп, эт комбинаты жана пельмендерди өндүрүү цехтери ишке киргизилди. Сүт секторунда асыл тукум чарба уюштурулуп, салттуу продукциянын чыгарылышы көбөйдү. 100 гектарга облепиха плантациялары отургузулду.

