“Медициналык врач адамды, Ветеринардык врач адамзатты дарылайт” (И.Павлов)
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ветеринардык врачы
Жандыралиев Капардын өмүр жолу.
Нарын облусунун, Ат-Башы районунун тургуну Жандыралиев Капар 1930-жылдын 10-майында Баш-Кайыңды айылында кедей- дыйкандын үй бүлөөсүндө жарыкка келген.
Капар агабыздын мектепке чейинки жана окуучулук кездери ачарчылык жана Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, жашоо-турмуштун оорчулугу үсөмөндүк кылганына карабастан, ата-энесинин тарбиясында эмгекчил болуп өсүп чоңойгон. Орто иектепти жакшы аяктап, билим алууну алдына максат кылып койгон Капар 1948-жылы Кыргыз айыл чарба ингститутуна кирүү эгзаменин ийгиликтүү тапшырып, окуу жайдын ветеринардык бөлүмүнүн студенти болот. Ал мезгилдерде айылдык мектептерде орус тил мугалимдери жетишсиз болгондуктан, орус тилин билүү жагынан өтө катуу жагдайга туш болгондугуна карабастан, тубаса дилгирлиги, өзү тандаган мал дарыгери болойун деген алдыга койгон максаты басымдуулук кылып, тырышып окуп, алдыңкы студенттердин катарына кошулат.
1953-жылы Кыргыз айыл чарба институтунун ийгиликтуу аяктап, ошол эле окуу жайда ассистент болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. Кичинесинен айылда мал чарбачылыгын аралаш өскөндүктөн, дити кайра эле мал чарбачылыгына аралашкысы келип, 1960-жылы Ысык-көл облусунун Тоң айыл райононун, Ленин атындагы чоң колхозго башкы ветеринардык врач болуп ишке орношот. Алган билимин жана ветеринардык илимий ишке аралашып топтогон тажрыйбасын, практикалык иштер менен бышыктаган Капар Жандыралиев туулуп өскөн районуна ветеринардык жетекчилик кызмат ордуна чакыртылат.
Ошентип, 1961-жылдан 1971-жылга чейин Ат-Башы райондук малдын ылаңына каршы күрөшүү станциясына жетекчилик кызматын жигердүү аткарып, райондун мал чарбачылыгын, анын ичинде Кыргыз уяң жүндүү кой чарбачылыгын өстүрүүдө Республика боюнча койдун санын 12 000 000 жеткирүү боюнча мамлекеттик планды аткарууда зор салымын кошот. Ушул жылдардын ичинде мамлекет тарабынан бир нече ардак грамоталар, “Лениндин 100 жылдык” юбилейлик медалы, СССРдин чек арасын кайтарууда кошкон салымы үчүн “СССРдин чек арачысы” медалы менен сыйланат жана “Эмгек Кызыл Туу” орденине татыктуу болот.
1971-жылы Нарын облустук ветеринардык башкармалыгына башчы болуп 1975-жылга чейин эмгек жолун улантып, жалпы облус боюнча ветеринардык кызматты туура жолго коюу менен мал чарбасын ыксыз чыгымга учуратбай өнүктүрүүдө, топтогон иш тажырыйбасын жайылтып, облустун ар бир колхоз-совхоздорунда малды дарылоо санитардык атайын жайларды уюштуруу иштерин аткарууга жетишип, тажырыйба алмашуу ирээтинде облустун баардык колхоз-совхоздорунун жетекчилерин, башкы мал дарыгерлерин Талас районунун Ленин жана Победа колхоздоруна жетектеп барып, иш тажырыйбалары менен тааныштырып, Нарын облусунун баардык колхоз-совхоздорундагы малды дарылоо-санитардык жайлардын дагы да натыйжалуу иштөөсүнө өбөлгө түзөт. Капар Жандыралиевдин жүргүзгөн жигердүү натыйжалуу иштери мамлекет тарабынан жогору бааланып Союздун “Эмгек Кызыл Туу” орденинен сырткары СССР дин мал чарбасынын өнүгүшүнө зор салымын кошкондугу үчүн (ВДНХ) “Бүткүл Союздук мал чарбасынын” өнүгүшүнүн Коло медалы менен сыйланат. Ал эми 1974-жылы 25-октябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин указы менен Капарга “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ветеринардыкврачы” деген ардактуу наам берилет.
Эмгектин аркасы дөөлөт дегендей, ветеринардык иштеги зор тажырыйбалуу Капар мал чарбасына дасыккан адистерди даярдатуу максатында Нарын айыл чарба техникумуна директордук кызматка коюлат. Бул үчүн атайын техникумдардын жетекчи кадрларын даярдоо боюнча квалификациясын жогорулатуу курсун ийгиликтүү аяктайт.
1975-жылдан 1984-жылга чейин Нарын айыл чарба техникумунун директорлук кызматын аркалоо менен келечектеги мал чарба адистерин даярдап чыгарууда болгон билимин, иш тажыйырбаларын колдонуу менен көптөгөн билимдүү мал чарба адистерин уядан учуруп, жаш адистерди колхоз-совхоздордо эмгек жолдорун улантуусуна жол ачып берет. Алар азыр да облустун баардык аймактарында үзүрлүү эмгектенип келе жатышат.
1984-жылдан 1987-жылга чейин Ат-Башы райондук мамлекеттик малды бордоп семиртүү комплексинде директор болуп иштөө менен бирге мамлекеттик эт планын аткарууда зор салымын кошуп, райондун экономикасын жогорку деңгээлде көтөрүлүүсүнө өбөлгө түзөт.
1987-жылдан баштап Ат-Башы райондук мамлекеттик ветеринардык борбордун башчысынын орун басары, Ак-Сай өрөөнү боюнча райондун мал чарбачылыгын ветеринардык жактан тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп, малчыларды баардык тарабынан көзөмөлгө алып, алардын социалдык жана маданий жактан толук тейлениши боюнча шарттардын туура жолго коюлушуна да көңүл буруп, кетирилген кемчиликтердин тез аранын ичинде жоюлушун, тиешелүү мекеме жетекчилери, колхоз-совхоздордун башкармаларынан талап коюу маселелерин көтөрүп чыгып, убагынан кеч калтырбай аткарылышын көзөмөлгө алып турган.
Капар агабыз, кандай гана иш болбосун майын чыгара иштеген, эмгекти сүйгөн, колунан келгенин элден аябаган, кең пейилдүү ажаатчыл, ошону менен бирге кызмат боюнча талапты катуу койгон Кыргыздын нукура адамгерчиликтүү адис эле. Пенсияга чыгып кызматты өткөрүп берсе да эл аралап, өзүнүн жөндөмүн, билимин, иш тажрыйбаларын эл менен, кесиптештери менен тең бөлүшүп, дайыма карыялык насаатын айтып, райондун карыялар кеңешинин төрагалык кызматын да аткарып жүрдү.
2001-жылы “Ат-Башы айылынын Ардактуу атуулу” деген наамга татыктуу болду. Өмүрлүк жубайы Ниязалиева Үмүт эже менен 1956-жылы баш кошуп, 5(беш) уул-кызды тарбиялап тууруна кондурушту. Үй-бүлөөдө мээримдүү, күйүмдүү ата жана чоң ата эле. Капар Жандыралиев 2017-жылы 87 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты .
________________________________________________________________________________________________________________________________________
Кыргыз Эл артисти СЕЙИТКАЗЫ АНДАБЕКОВ
Сейитказы Андабеков 1925-жылы 18-сентябрда Ат-Башы районунун Кара-Коюн өрөөнүндө Кара-Булак кыштоосунда жарык
дүйнөгө келген. 1938-жылы чыгармачылык жолун баштаган. Ошол эле
жылы облуста өткөрүлгөн өздүк көркөм чыгармачылыктын кароосунда берилген ролдорун жакшы аткарып, комиссия мүчөлөрүнүн купулуна толот. Бирок алардын “сенден бирдеме чыккыдай, окууга жиберели” дегенине көнбөй, моюн толгоп, киндик кан тамган айылы Ат-Башынын Кара-Коюнуна кетип калат. 1942-жылы 17 жашында алгач аскердик окууга, андан кийин фронтко жөнөтүлгөн. Көрсөткөн баатырдыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйланган. 1946-жылы кан майдандан кайтып келген соң азыркы Нарын академиялык музыкалык драма театрынын пайдубалын түптөөгө катышат. Өмүрлүк жары менен да театрдан таанышып, баш кошкон. Алар төрт уул жети кызды тарбиялап, өстүрүшкөн. Жубайы Кыргыз Эл артисти Койсун Карасартова менен бири-бирине эриш-аркак болуп, ырдап-бийлеп, аткарган дуэттери, тамашалуу ырлары кыргыздын кыйырын гана эмес, Москва, Ташкент, Алматы, Тбилиси, Нукус сыяктуу мурдагы СССРдин көптөгөн
шаарларынын көрүүчүлөрүн тамшантчу. Сахнада тракторчу Акмат, Ташбала, Багдасар, Жарас, Годалак, Кожо-Насирдин, Глостер, Аккан, Бойков, Дож, Иван Петрович, Омор абышка, Календер жана башка 100гө чукул каармандын образын жараткан. Таланттуу жубайлардын атагы Кыргызстандын чегинен да чыгып, казак, уйгур, өзбек, тажик сахналарында көрөрмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган. Образдарды жаратууда таасирдүү тереңдикти таап, жөнөкөй, жеткиликтүү беле алган. С.Андабеков көптөгөн ролдорду аткаруу менен бирге обончу-аткаруучулук өнөрүн да элге тартуулап, концерт берген. “Кыздар ай”, “Кыпылдама”, “Сулуу кыз”, “Акежан”, “Беккара”, “Там башында”, “Карылардын дуэти”, “Кел кемпирим ырдайлы” жана башка тамашалуу ырларды К.Карасартова менен бирдикте ырдаган. I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, III даражадагы “Манас” ордени жана медалдар менен сыйланган. Ал 24-декабрь 2015-жылы 90 жашында көз жумган.
___________________________________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Эл артисти обончу жана композитор
Калыйбек Тагаев
Обончу, композитор Калыйбек Тагаев 1940-жылы 14-апрелде Ат-Башы районунун Бирлик айылында туулган. Ымыркайдын бул жарыкка келгенине 3 ай болгондо атасы Тагай аскерге кетет. Бир жылдан соң аскерден Улуу Ата Мекендик согушка аттанат. Кан майдандан болочок таланттын атасы ажалдын жеми болот. Ошентип атасыз калган Калыйбек ага чоң атасы
Дыйканбайдын, атасынын агалары Карачтын, Шыгайдын колунда өсөт. Көр оокаттын айынан энеси казак кызы Рахима Нарынга келип, кийим тигүүчү болуп иштейт. Калыйбектин ыр жандуулугун байкаган эне кийин уулунун эли ырларын суранып уккан талант болорунан күмөн санаган эмес. Кичине болсо да энесинин оорун колдон, жеңилин жерден алган болочок обончу 3-классынан тарта Ж.Шералиев жетектеген Нарын облустук маданичт үйүнүн алдындагы ыр ийримине катышат. Ошондо эле баянда, аккордеондо ойноону жакшы өздөштүрөт. Музыка дүйнөсүн гана эмес, спортту да багынткысы келип, ар түрдүү ийримдерге катышат. Баары бир спортко караганда музыка дүйнөсүнө болгон каалоосу күч болуп, акыры спортчу болом деген ойдон баш тартат.
Обон чыгарууга куштарланган Калыйбек 1959-жылы Пржевальск пединститутунда жаңы ачылган музыка факультетине өтөт. Институттун алдында ачылган оркестрде үйлөмө аспапта ойнойт. Күн сайын Калыйбек аганын музыкага болгон сүйүүсү артып, обон чыгарууну кыялданат. Алгач жолу 1096-жылы акын Анатай Өмүркановдун “Жообуңду берчи жашырбай” деген ырына обон жазат. Мына ушул ыр обончунун эл көзүнө түшүп, музыкага карай сапар алышына даңгыр
жол болот. Обончунун ата-тегинде ырчы, комузчу, чоорчу сыяктуу өнөрлүүлөр болбоптур. Ырчы музыка чөйрөсү менен жашап калуусун “мен табияттын кол менен жазап койгондой кооздугун алгачкы жана азыркы чыгармачылыгымдын түбөлүктүү өспөс оту деп эсептейм. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, шыгымдын ойгонушуна мен үчүн жер соорусу, бейиштин төрүндөй болгон Ат-Башымдын сулуулугу себепчи болду. Балалыгымдын балдай таттуу күндөрүн карагай-черүү, бетегеси белден буралган, түркүн түстүү гүлдүү, безелене тил безеген канаттууларга, аркар кулжаларга бай Ак-Сай, Арпа жайлоолорунда кой кайтарып өткөрдүм. Коктудагы булактардын шылдырап аккан көк кашка мөлтүр сууларын тамшана ичип, сырдуу добуштарына кулак төшөп өстүм. Мына ушулардын баары чыгармачылыгымдын соолбос булагы болду” деп эскерет. Калыйбек Тагаев жалындаган жаштыгындагы махабат отуу көлдүк Галя деген кызга баш кошот. Алар үч кыздуу болушат. Бирок тагдырдын жазмышы болуп экөө эки жакка кетет. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктаган. 1961-1962-жж Ат-Башыдагы Ленин атындагы №1 мектепте мугалим, 1963-1969-жж Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп иштеп, 1970-1974-жж Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө окуган. 1974-жылдан Республикалык эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис болуп иштеген. Кыргыз эл артисти, обончу жана композитор Калыйбек Тагаев 80-жаш курагында оорудан улам 2020-жылдын 16-сентябрында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.
Б.Жакиевдин “Миң кыял” драмасында түрмө башчысынын, Э.Токтогуловдун “Бир короонун кишилери” драмасында тентек баланын ролдорун аткарган. М.Тойбаевдин “Талаа гүлдөрү”, Э.Токтогуловдун “Ак куулар көлдө термелет”, Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу спектаклдерине музыка жазган.
120дан ашык обондордун автору. Обончулардын республикалык кароо-сынагынын 7 жолку жеңүүчүсү. Анын 60ка жакын обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып калган. 1992-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти”, 1997-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамдары берилген.
________________________________________________________________________________________________________________________________________
Кыргыз обонунун атасы Композитор Жумамүдүн Шералиев
Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы 3-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Туюк-Богошту айылында
жарык дүйнөгө келген. Болочоктогу музыканттын шыгын байкаган атасы ага өз колу менен арчадан комуз чаап берет. Ыр-күүгө жакын жеткинчек аны өз алдынча өздөштүрүп, кол ойнотуп черткенге жарап калган. Андан сытркары, айылына жакын жерде иштеген чек арачылардын кыяк ойногонун көрүп обондорду жаттап алат. 12 жашында “Сүйүү жарга”, “Сүйүү ыры” деген алгачкы обондорун жараткан. Шералиев эмгек жолун эрте баштаган. Өспүрүм Биринчи май колхозунун комсомол уюмунун катчылыгында, кийин мугалим болуп эмгектенет. Андан соң райондук радио түйүндүн ырчысы болуп эл арасында обончу, аткаруучу катары таанылат. “Түшүмдө” атту лирикалык ырына обон жазып, 20-21 жашында Ат-Башы райондук жер бөлүмүндө райондук аткаруу комитетинин жалпы бөлүмүн жетектеген. Бир жолу Ат-Башыга Кыргыз мамлекеттик театрынын артисттери концерт коюп келет. Жумамүдүн өнөрпоздорду эки жумадан ашык коштоп жүрүп алардын талантына шыктанып, өзүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатууну ойлоно баштайт. Дараметин байкаган чыгармачыл топ элеттеги обончуну филармонияга чакыртат. Ортодо ал республикалык сынакка катышып, андан соң белгилүү музыка изилдөөчү Александр Затаевичти жолуктуруп, өзүнүн бир нече чыгармасын жаздыртат.
Ошентип 1936-жылы филармонияда жаңы түзүлгөн эл аспаптар оркестрине кабыл алынып, музыкант, ырчы болуп иштейт. Ал кутту жай жаш музыкант үчүн чоң мектеп болгон. Ошол жерден дирижер Петр Шубинден сабак алып, нота үйрөнүп, аткаруучулугун да жолго салган. Ошол эле маалда Атай Огонбаев, Карамолдо Орозов, Муса Баетов, Ыбырай Туманов, Калык Акиев, Шаршен Термечиков, Молдобасан Мусулманкулов, менен кесиптеш болуп, алардын акыл-насааттарын угуп калган.
Эң негизгиси, 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасына катышып, андан ары Закавказь еге чейин гастролдоп барат. СССРдин композиторлор союзунун мүчөсү, балдарга арналган көптөгөн обондорду жаратып, согуш жылдарындагы фронттогу жоокерлерге дем күч берген чыгармаларды тартуулаган. 1944-58-жж аралыгында Кыргыз радиосунун солисти,редактору болот. 40 жылдан ашык Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык-драма театрынын музыкалык бөлүмүн жетектеген. Ал жактан Касымаалы Жантөшевдин “Курманбек”, Бексултан Жакиевдин “Миң кыял “, Кадырбай Мамбетакуновдун “Үкөй” спектаклдерине музыка жазып, хор, пьеса, ансамблдик эмгектердин автору болгон. Өтө жөнөкөй, адамгерчиликтүү, бой көтөргөндү билбеген инсан Нарында шыгы бар бир топ жаштарга жол көрсөтүп талантын ачкан.
Кыргыз ССРинин эмгек синирген артисти комуз, балалайка, мандолина, аккардеон, пианинодо мыкты ойногон,
хормейстрлик жайы да бар болчу. Композитор жаштайынан лирикалык ырларды, аңгеме, очерктерди жазып, алар байма-бай гезит беттерине жарыяланып турган. Кийин чыгармалар жыйнагы да жарык көрөт. Ошондуктан композитор калемгерлик өнөрүнүн аркасында обонго салынчу ыр саптардын маани-маңызына чоң көнүл бурган.
Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты жалпы жонунан түрдүү жанрдагы жүздөгөн обондун автору. Музыка изилдөөчүлөр Шералиевдин чыгармаларын көпчүлүк көп ыргактуу, ритмикалык жактан жагымдуу экенин жана башкалардан созулмалуу, кең диапазандуу жай интонация менен айырмаланат.
Композитордун кыздарынын айтымында, таланттуу инсан узак убакыт балалуу боло албагандыктан улам төшөк жаңыртууга мажбур болгон. Ж.Шералиев эки кызды эрезеге жеткирип, 1994-жылы 79 жашында оорудан улам көз жумган.
________________________________________________________________________________________________________________________________