Туристтик жайлар

                                                             Кел-Суу

Кел- Суу (Көл-Тетири деп да аталат)- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Аксай өрөөнүндө жайгашкан. Көлдүн тереңдиги 10 метрге жетиши мүмкүн, ал эми узундугу 9км, туурасынан 500-2000 метрге жетет. Бирок суу тартылып турат. Мындан улам суунун деңгээли айларга карап өзгөрөт. Көл бийик аскалар жана тоолор менен курчалган. Кел-Суунун көрүнүшү күндүн убактысына жана аба ырайыга жараша өзгөрүп турат. Кыш мезгилинде суунун устун калың катмардагы муз каптап калат.

 

 

        КОШОЙ КОРГОН ТАРЫХЫЙ ЭСТЕЛИГИ.

Кыргызстандын байыркы тарыхын, көчмөн маданиятын жана орто кылымдагы шаар курулуш өнөрүн чагылдырган баалуу эстеликтердин бири-Кошой Коргон.

Ал Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Коюн дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 3000 метр жогору бийиктикте жайгашкан. Эл арасында бул чеп тууралуу ар кандай уламыштар айтылып, ал эми археологдор аны VII-XII кылымдардагы ири шаар катары илимий негизде изделип келишет. Улуу Жибек жолу аркылуу өткөн соодагерлер бул шаарды карапайым жашоо жана аскердик чеп катары колдонушкан. 

Кошой-Коргон -бул Кыргызстандын аймагында орто кылым шаар маданиятынын эң байыркы жана эң ири үлгүсү, Улуу Жибек жолунун маанилүү чекиттеринин бири болуп эсептелинет. Кошой-Коргон VII-XII кылымдарда Ат-Башылыктардын саясий жана экономикалык борбору катары маанилүү роль ойногон.

   Кошой-Коргон төрт бурчтуу формада курулуп, болжолдуу өлчөмү 245-250 метрди түзөт. Кээ бир маалыматтарда анын жалпы узундугу 1000 метрге чейин жеткен деп айтылат. Дубалдын түп жак калыңдыгы 7-9 метр, ал эми жогору жагы 3-4 мерт чейин ичке болуп турат. Тундүк тарабынан 19, түштүк тарабында13 чыгышында 17  жана батышында 11 мунара жайгашкан. Бул мунаралар коргонуу максатында курулуп, ар бири байкоочу жана согуштук пункт катары кызмат кылган.   

 

2007-жылы коргондон алыс эмес жерде атайын Кошой-Коргон музейи уюштурулуп, анда табылган буюмдар, чопо идиштер, таш жазуулар жана археологиялык экспонаттар сакталууда. Бул музей тарыхый эстеликти маданий туризмдин объектиси катары өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Кошой-Коргон -бул Кыргызстандын орто кылымдагы шаар курулуш өнөрүнүн, аскердик стратегиясынын жана руханий дүйнөсүнүн айкалышы болгон уникалдуу эстелик.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                           

                                                      ТАШ-РАБАТ КЕРБЕН САРАЙЫ.

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунда деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан Таш-Рабат кербен сарайы – XV кылымга таандык тарыхый жана архитектуралык эстелик.  Ал Кара-Коюн капчыгайынан сол жээгинде, Нарын-Торугарт жолу аркылуу 18 чакырым аралыкта орун алган. Бул имарат Улуу Жибек жолунун жандуу тарыхый күбөсү болуп, көчмөн цивилизациянын материалдык жана руханий маданиятынын биримдиги. 

Таш-Рабат жонгон таштардан ылай аралашмасы менен тургузулган. Имарат чарчы формада курулуп, фасады чыгыш тарапка карайт. Жалпы бийиктиги болжол менен 20 метрди түзөт. Ички түзүлүшү 31 бөлмөдөн турат жана үч негизги бөлүккө бөлүнөт. 

1 Узун борбордук коридор;

2  Коридордун эки тарабындагы бөлмөлөр;

3 Негизги зал жана анын айланасындагы кошумча бөлмөлөр.

Негизги зал батыш тарабында жайгашып, диаметри  9.3 метрлик купол менен жабылган. Дубалдары алебастр менен шыбалып, геометрикалык оймо-чиймелер менен кооздолгон. 

Таш-Рабат кербен сарайы- кыргыз элинин тарыхый эс тутумунун жана руханий дүйнө таанымдын ажырагыс бөлүгү. Эл ичинде айтылган уламыштар бул эстеликтин сырдуу жана ыйык мүнөзүн тереңдетет. Бул кербен сарай тарых, архитектура жана маданияттын айкалышкан үлгүсү катары өткөндүн улуу сабагын, келечек муундар үчүн улуттук рухтун жана мурастын символун чагылдырат.

 

 

Comments are closed.