ЖАҢЫ ДАЙЫНДООЛОР

      Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 19-январындагы буйругу менен ДОСОЕВА АЙЗАТ ТУРАРОВНА  Ат-Башы районунун Ак-моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына дайындалды. 

Досоева Айзат Тураровна 1985-жылдын 7-апрелинде Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың  айылында туулган. Учурда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жашайт.

Билими: Жогорку

2004-2010-жж. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети. Журналист кесибинин ээси.

 

 

    Ат-Башы райондук эмгек, социалдык  камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Султангазы уулу Тилек башка кызматка которулгандыгына байланыштуу Ат-башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 19-январындагы буйругуна ылайык Абылова Гүлзат Сардарбековна аталган башкармалыктын башчысы кызматына дайындалды.

Абылова Гүлзат Сардарбековна 1974-жылы 24-сентябрда Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган.

билими: Жогорку

1995-2000жж. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Бухгалтердик эсеп жана аудит кесибинин ээси.

 

 

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин буйругуна ылайык Үсөнов

Керимкул Мырзабекович Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.

Үсөнов Керимкул Мурзабекович 1989-жылы 25-сентябрында Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында туулган.

Билими: Жогорку

2012-2017-жж К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык универтитетинин Гидротехник кесибинин ээси

 

 

Жооп калтыруу