ЖЫЛДЫЗ ЖАНТЕЛИЕВА «СОЦИАЛДЫК КОРГООНУН ОТЛИЧНИГИ» ТӨШ БЕЛГИСИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигитарабынан Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Жылдыз Жантелиева Кыргыз Республикасынын социалдык тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Социалдык коргоонун отличниги” төш белгиси менен сыйланды.
Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова өзү тапшырып, элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүүдөгү жигердүү аракети жана жасаган эмгеги чоң экенин баса белгиледи.
Мындан сырткары райондогу айыл өкмөттөрдөгү социалдык тармагынын алдыңкы кызматкерлерине дагы аталган министрликтин ардак грамотасы тапшырылды.

Жооп калтыруу