Ат-Башы районунун мектептеринде жашы жете электердин укук бузуулардын, бангизаттарга каршы зордук-зомбулуктун, мажбурлап эрте никеге тургузууну болтурбоонун, экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнүн, жугуштуу оорулардын, суициддин, коррупцияга каршы, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жыйындар өткөрүлдү. Иш-чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары В.Мурзалымбекова, райондун прокурору К.Нуруллаев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ж.Сейдинов, райондук эмгек, социалдык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Г.Абылова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Дыйканбаев, райондун имам-хатиби Р.Дүйшөнбиев, жалпы мектептердин окуучулары жана окуучулардын ата-энелери катышты.
Жыйында өспүрүмдөрдүн тартип бузуу көрүнүштөрүн азайтуу, окуучуларга болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңири талкуу жүргүзүлүп, жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын себептери, алардын алдын алуу жолдору, ошондой эле окуучулардын коопсуздугун камсыздоо маселелери каралды. Адистер тарабынан мектеп ичинде жана мектептен тышкары убакытта балдардын жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөтүү, алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүн уюштуруу, спорттук жана маданий иш-чараларга тартуу аркылуу кылмыштуулуктун алдын алуу, тарбиялык иштерди жакшыртуу жана ата-эне менен мектептин тыгыз кызматташуусун маанилүүлүгү баса белгиленди.
