АТ-БАШЫДА УЛУУ МУУН АРАСЫНДА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ
Үстубүздөгү жылдын 14-декабрында Ат-Башы районунда 60 жаштан жогору курактагы адамдар арасында волейбол боюнча турнир өттү. Бул иш-чараны райондук аксакалдар кеңеши демилге көтөрүп, 65 жаштан улуу муундар арасында мелдеш болуп, ага жалпы 13 команда катышты. Анын ичинен 7 команда айымдардан, ал эми 6 команда эркектерден түзүлдү.Турнирге Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациянын башчысы…





