ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАРДА КӨТӨРҮЛГӨН МАСЕЛЕЛЕРДИН ЧЕЧИЛИШИ ЖЕКЕ КӨЗӨМӨЛДӨ

2026-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаров Ат-Башы районунун айыл аймактарында эл менен жолугушууларды өткөргөн. Жыйындарда тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы жеринде көзөмөлгө алынган. Бүгүнкү күндө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөттөрү жана тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлүп, бир…

Толук окуу…

ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ КОРГОО УКУКТУК НЕГИЗДЕРИНИН СЕМИНАРЫ

2026-жылдын 10-июнь күнү Ат-Башы районунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан “Жеке маалыматтарды коргоонун укуктук негиздери жана Кибергигиена” темаларында семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптары, жарандардын укуктары жана милдеттери, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле интернет мейкиндигинде коопсуз…

Толук окуу…

МУЗ-ТӨР УЧАСКАСЫНДАГЫ ЫКЧАМ ТАЛАА ШТАБЫНЫН ИШИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

2026-жылдын 5-июнь күнү аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу, районубуздун Арпа, Ак-Сай жана Жаңы-Жер жайлоолорунда калың жааган карда калган малчыларга ар тараптуу жардам көрсөтүү, зарыл чараларды көрүү боюнча Ат-Башы районунун Муз-Төр участкасында уюшулган райондун акими Мухтар Шербаевдин жетекчилигиндеги ыкчам талаа штабынын иши жыйынтыкталып, штабдын мындан аркы ишин Аксай жайлоосунун Кашка-Суу участкасында жана…

Толук окуу…

ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН

2026-жылдын 30-майында Ак-Моюн айылында аялдар кеңеши уюштурган “Энелер күнүнө” арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш чаранын негизги максаты-“Тарбия үй-бүлөдөн башталат” деген улуу наркты даңазалоо, жаш муундарга улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды, үрп-адаттарды жана энелердин коомдогу ордун кеңири таанытуу болду. Ошондой эле ата-бабалардан мурас болуп келген улуттук тамак-аштардын түрлөрүн, кол өнөрчүлүктү көргөзмөгө коюп, кыргыз элинин…

Толук окуу…

КӨРНӨК-ЖАРНАКТАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖАЗУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү боюнча Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин тапшырмасы менен райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн кыргыз тили коммиссиясынын курамы тарабынан райондун аймагындагы дүкөндөрдү, соода борборлорун, сулуулук салондорун жана техникалык тейлөө станцияларын кыдырып, көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде жазуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Иш-чаранын жүрүшүндө ишкердик субъектилерине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…

Толук окуу…

КАРТОШКА ҮРӨНЧҮЛҮГҮН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН МААНИЛҮҮ ЖЫЙЫН БОЛДУ

2026-жылдын 3-июнь күнү Ат-Башы районунда картошка үрөндөрдү жайылтуу, ошондой эле агротехникалык эрежелерди так сактоо аркылуу мол түшүм алууга багытталган маанилүү иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча райондук борбордун өкүлү М.Абдраевдин демилгеси менен уюштурулуп, жыйынга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев, айыл чарба тармагынын адистери жана…

Толук окуу…

РАЙОН АКИМИМУХТАР ШЕРБАЕВ БӨБӨКТӨРДҮ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАП, ЖАҢЫ АЯНТЧАЛАРДЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ.

2026-жылдын 1-июнунда “Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев Ат-Башы айыл аймагындагы А.Курманалиев атындагы балдар бакчасынын тарбиялануучуларын куттуктап, жаш бөбөктөр тарабынан даярдалган майрамдык иш-чарага катышты. Ошондой эле, Кара-Суу айыл аймагынын Терек-Суу айылында жана Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы айылында жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилген балдар ойноочу…

Толук окуу…

АТ-БАШЫДА АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ БОЛУП ӨТТҮ

2026-жылдын 29-майында Ат-Башы районунда өткөн акыркы коңгуроо салтанатына райондогу бардык мектептерге райондук жетекчилер шефтикке бекитилди. Жетекчилери мектептин инфраструктурасын, материалдык техникалык базасын чыңдоо, билим берүү сапатын жакшыртуу боюнча ар тараптуу колдоо иштерин алып бараары белгиленди. Район аймагында баардык мектептерге райондук жетекчилер дал ушул максатта шефтикке бекитилди. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы…

Толук окуу…