АТ-БАШЫДА КИТЕПКАНАЧЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Ат-Башы районунда китепканачылар күнү өзгөчө салтанаттуу маанайда белгиленди. Майрамдык иш-чарага Ат-Башы районунун акими М.Шербаев жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Кадыралиев катышып, китепкана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды. Конференция залында өткөн жолугушууда жетекчилер китепканалар-билимдин, руханий байлыктын жана маданияттын негизги очогу экенин белгилешти. Алар бүгүнкү күндө…