АТ-БАШЫ: ӨМҮР БИЗДЕН ӨТҮП КЕТСЕ-ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

2025-жылдын 27-ноябрында Район аймагында Кыргыз Республикасынын эмгек синирген ветеринардык врачы Жандаралиев Капардын 95 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болду. Эскерүү кечеге: район башчысы-аким Э.А.Ысакулович, айыл чарба жана ветеринардык мекеме жетекчилери, кызматкерлери анын замандаштары, кесиптештери, айылдаштары, туугандары, балдары жана шакирттери катышты. Эскерүү кечеде өмүр өлчөмү – жылдарда эмес, адамдын калтырган изинде-дегендей. Ал…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ: АНТ БЕРҮҮ АЗЕМИ

 Ат-Башы районунун борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин   1-сентябрындагы №545 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобосунун 30-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын КМИК төрагасынын 2018-жылдын 23-июлундагы №383 буйругуна ылайык 2025-жылдын 19-21-ноябрына чейин кызмат өтөгөн 22 кызматкер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн уставына ылайык Кыргыз Республикасынын элине жана…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ: ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА ЭРКИН КҮРӨШ МЕЛДЕШИ

2025-жылдын 22-ноябрында Ат-Башы районундагы С.Андабеков атындагы маданий-спорт комплексинде эркин күрөш боюнча балдар жана кыздар арасында облустук мелдеш өттү.       Турнирге Нарын облусунун райондорунан 550дөн ашык өспүрүм спортчулар келип, топтогон чеберчилигин көргөзүп таймашка чыгышты. Кочкор, Акталаа, Нарын, Жумгал, Ат-Башы райондорунун балбандары килем үстүндө 25 (балдар 17, кыздар 8) салмактуу чен…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ: ЖАКЫРЧЫЛЫКТАН ЧЫГУУ БАКУБАТ ЖАШООГО ЖЕТҮҮ-АР БИР ЖАРАНДЫН КОЛУНДА.

2025-жылы 25-сентябрда  Ат-Башы жергесинде Кыргыз Республикасынын Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөрдүн бизнес форуму болуп өттү. Форумга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А.Солтонбекова, КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун…

Толук окуу…

БИЛИМДҮҮЛҮК КӨП БИЛГЕНДЕ ЭМЕС БИЛИМИНДИ КОЛДОНО БИЛГЕНДЕ.

Бүгүнкү күндө билимге болгон талап улам жогорулап, ар бир тармакта заманбап ыкмаларды өздөштүрүү- ийгиликтин негизги шарттарынын бири болуп калды. Бирок жөн гана көп билимге ээ болуу жетишсиз. Чыныгы билимдүүлүк көп билгенде эмес-билимиңди колдоно билгенде деген сөз дал ушул маңыздуу чындыкты чагылдырат. Ат-Башы районундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер да дал ушул…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ АЙЫЛЫНДА СПОРТТУК АЯНТЧАЛАРЫ АЧЫЛДЫ: КЕЛЕЧЕК МУУНГА ЖАНЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

2025-жылдын 6-сентябрында Дордой ассоциациясынын демилгеси менен Ат-Башы айылында кичи футбол, баскетбол жана волейбол аянтчаларынын ачылышы болуп өттү. Бул спорттук объектилердин курулушу айыл жаштарынын ден соолугуна жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында ишке ашырылды. Ачылыш аземге Ат-Башы районунун акими Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович катышып, куттуктоо сөзүн айтып, куруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди. Аким…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ: ЭНЕРГЕТИКТЕР КЫШ КАМЫЛГАСЫН КӨРҮҮДӨ

     Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан өлкө аймагындагы электр тармактарын жаңылоо жана модернизациялоо иштерине өзгөчө көңүл бурулуп келет. Бул демилгелер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын жашоо-шартынын жакшырышына зор салым кошуп, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Ат-Башы району дагы бул багыттагы иштерден четте калган жок. 2025-жылдын кыш мезгилине карата райондо…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ СООДА БОРБОРУНУН АЧЫЛЫШЫ: ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДАГЫ ЧОҢ КАДАМ

2025-жылдын 6-сентябрында Ат-Башы айылынын жашоочулары үчүн чоң жаңылык болуп, ири соода борбору ачылды. Дордой ассоциациясы тарабынан жүргүзүлдү. Соода борборунун ачылышына Ат-Башы районунун акими  Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович да катышып, өз сөзүндө бул борбордун айыл үчүн канчалык маанилүү экенин белгиледи. Ал соода борборунун ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш ордуларын түзүп, айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга чоң түрткү болоорун айтты.

 

“АТ-БАШЫДА АСФАЛЬТ-БЕТОН ЗАВОДУ КУРУЛУП БҮТКӨРҮЛДҮ”

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин демилгеси менен Ат-Башы районунда заманбап асфальт-бетон заводу курулуп бүткөрүлдү. Бул ишке мамлекет тарабынан 72 миллион сом бөлүнүп, заводдун курулушу толук мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланды. Заводго алынып келинген техникалык жабдуулар заманбап стандарттарга ылайыкташтырылган. Бүгүнкү күндө жаңы заводдо монтаждоо иштерин аягына чыгаруу, өндүрүштү ишке берүү иш…

Толук окуу…

АТ-БАШЫДА 260 ЭНЕГЕ БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛЫП, СЫЙ КӨРГӨЗҮЛДҮ

Энелер күнүнүн урматына Ат-Башы районунда 260 эне бир жерге чогултулуп аларга сый көргөзүлдү. Тагыраагы райондун талантары тарабынан апаларга майрамдык маанай тартуулаган концерттик программа коюлса район жетекчилиги жана атайын демөөрчүлөр тарабынан чакан белектер ар бирине ыйгарылды.

Толук окуу…