Ат-Башы районунун акими М.Шербаевдин аймактардын жеке ишкерлери менен жеринде жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага мекеме-ишканалардын жетекчилери, ишкерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ болгон 7 класстер боюнча кеңири маалымат берилди. Анда айыл чарба тармагындагы эт, сүт, балык, карагат, даары чөптөр жана туризм болуп 7 класстер багыттында талкуу жүрдү.




